www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун демилгеси менен «Эзелки кыргыз тамгаларын үйрөнөм» аталышындагы китептин бет ачары болуп өттү. 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Арабаев Чолпонкул Исаевич, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директорунун орун басары Дарданов Нурлан Камалбекович, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мураталиев Мелис, ошондой эле илимий коомчулуктун өкүлдөрү — филология илимдеринин доктору, профессор Жаманбаева Гүлжамал, филология илимдеринин доктору, академик, КР УИАнын Б. Юнусалиев атындагы Тил илимдер институтунун директору Мусаев Сыртбай, филология илимдеринин доктору, академик, КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Акматалиев Абдылдажан, тарых илимдеринин доктору, академик, КР УИАнын Б. Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору Асанканов Аблабек, филология илимдеринин кандидаты, КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин деканы Жайлообаев Бакыт Алмамбетович, IT технологиялар боюнча адис Дөөлөтбек уулу Самаган, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун өкүлү Кошалиев Кадыр Амиракулович, ошондой эле башка кызыкдар тараптар катышышты.

Иш-чаранын алкагында саламдашуу сөздөр айтылып, анда кыргыз тилинин тарыхый мурасын сактоонун, байыркы кыргыз жазмаларын изилдөөнүн жана аларды коомчулукка жеткирүүнүн мааниси белгиленди. 

Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев өз сөзүндө «Эзелки кыргыз тамгаларын үйрөнөм» китеби кыргыз элинин байыркы жазма маданиятын таанып-билүүгө өбөлгө түзөрүн, ошондой эле мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууда илимий эмгектердин ролу чоң экенин белгиледи. 

Андан соң китептин автору, физика-математика илимдеринин кандидаты Дыйканов Салмоорбек Карбозович китептин мазмуну, түзүлүшү жана максаты тууралуу презентация жасады.  Бул иш-чара кыргыз элинин тарыхый жазма мурасын изилдөөгө, улуттук аң-сезимди чыңдоого жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган маанилүү илимий-маданий окуя катары бааланды.

Последние новости