www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин баш катчысы Кылыч Сарбагышев Париждеги спортчулар бардык тамак-аш менен жетиштүү камсыз болгонун билдирди. Сарбагышев кошумча азык-түлүк дагы алынганын айтты.

“Чынында биринчи күндөрү Олимпиада айылчасындагы ашканада кезек болуп жатты. Уюштуруу комитети атлеттердин кайрылууларын эске алып, тамак-аштын көлөмүн жана сапатын жакшыртты. Машыктыруучулардын айтымында, азыркы учурда салат, жер-жемиш, мөмө-жемиш жана экинчи тамактар жетиштүү. Андан сырткары Улуттук олимпиада комитети спортчуларга кошумча улуттук тамактарды – шорпо, жаңы бышкан эт жана тооктун этин уюштурдук”, - деди Сарбагышев.

Сарбагышев машыктыруучулардын суранычы менен бардык спортчулар эки жана бир орундуу бөлмөлөргө жайгаштырылганын билдирди. Учурда 16 спортчуга эки дарыгер, эки массажист бар.

Социалдык тармактарда спортчулардын тамак-ашы жөнүндө талкуу болуп жатат.

Париж Олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алган. Учурда бир күмүш, төрт коло медалы менен Кыргызстан 74 өлкөнүн ичинен 60-орунда баратат. Олимпиада оюндары 11-августта жыйынтыкталат.

Последние новости