www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук тарых музейинин 4–5-кабаттары кытай тарапка берилген эмес. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Кечээ соцтармакта Улуттук тарых музейинин 4–5-кабаттары кытай тарапка өткөрүлүп берилгени тууралуу видео тараган. Автору музейде экспозиция орнотулуп жатканын көрсөткөн.
Маалыматка ылайык, музей чет өлкөлүк мекемелерге ижарага берилген жок. Анда 15-августтан 15-ноябрга чейин “Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр көргөзмөсү” аттуу эл аралык көргөзмө өтөт.
Аталган долбоор Улуттук тарых музейи менен Тяньцзинь музейинин жана Ички Монголия автономиялуу районунун музейлеринин ортосунда түзүлгөн кызматташтык жөнүндө меморандумдардын алкагында, ошондой эле Кыргызстанда өтө турган ШКУ саммитине утурлай уюштурулууда.
Белгилей кетүүчү жагдай, көргөзмө музейдин туруктуу экспозициялык залдарында эмес, эл аралык жана убактылуу көргөзмөлөрдү өткөрүү үчүн каралган бош көргөзмө аянтчаларында уюштурулат.