www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
France Internationale радиосунун журналисттери кокусунан бүгүнкү күнгө чейин тирүү жүргөн белгилүү адамдарды, анын ичинде Улуу Британиянын королевасы Елизавета IIди "көмүп кетишти". Тизмеде актриса Брижит Бардо жана режиссер Клинт Иствуд дагы бар.
"Көмүлгөндөрдүн" катарында бразилиялык футболчу Пеле, руханий лидер Али Хаменеи, АКШнын мурдагы президенти Джимми Картер жана башка көптөгөн белгилүү адамдар бар. Жалпысынан 100гө жакын тирүү өлгөн кишилер радио сайтына жайгаштырылды.
"Улуу Британия бүгүн эртең менен жетим калды. Букингем сарайы ханыша Елизавета II каза болгонун расмий жарыялады. ... 2020-жылы 21-апрелде каза болгон ханыша 94 жашка чыкмак », - деп жазылган Елизавета IIнин некрологунда.
Медиа өкүлдөрүнүн айтымында, некрологдор сайттар тутумундагы катадан улам келип чыккан. Бул көйгөй портал башка башкаруу тутумуна өткөрүлүп жаткандыктан келип чыккан. "Биз бул окуяга тиешеси бар адамдардан кечирим сурайбыз, ошондой эле бизге ишенгендерден жана байкоочуларыбыздан кечирим сурайбыз" деди France Internationale радиосу.
Би-Би-Синин маалыматы боюнча, айрым маалымат каражаттары керек болгондо тез арада жарыялоо үчүн алдын-ала белгилүү адамдарга арналган некрологдорду даярдашкан.
Суннатилла Абдуллаев, Ташкент
Булак: NazarNews.kg