www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тереза Мэйге партия лидери катары ишеним көргөзбөө маселесин добушка коюуну анын Консервативдик партиясынын депутаттары демилгелешти.
Британ мыйзамдары боюнча бул үчүн кеминде 48 депутаттын колу керек.
Тереза Мэйдин билдиргенине караганда, кокус ал премьерликтен кетип, бул кызматка жаңы адам келген шартта Британиянын Евробиримдиктен чыгуусун созо турган, атүгүл токтотуучу механизмди жокко чыгарууга же анын мөөнөтүн узартууга туура келет.
Өкмөт башына 2016-жылы Британия жалпы элдик референдумда Евробиримдиктен чыгуу үчүн добуш бергенден кийин келген Мэй Брюссел менен жетишилген Брекзит келишиминин шарттары боюнча өз партиясы ичинен да олуттуу сынга кабылды.
Мындан улам ал британ парламентинде Брекзит келишими боюнча 11-декабрга белгиленген добуш берүүнү токтоткон.
Келишимди сактап калуу аракетинде Мэй кечээ Гаагага, Берлинге, Брюсселге келип кетти. Бирок Евробиримдик лидерлери Лондон менен келишим шарттары кайра сүйлөшүлбөй турганын айтышкан.
Булак: NazarNews.kg