www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Британ өкмөтүнүн башчысы Кир Стармер кызматтан кетерин жарыялады. Ал бул тууралуу падыша Чарльз IIIкө маалымдаганын билдирип, Лейбористтер партиясынын жаңы лидери шайланганга чейин премьер-министрлик милдетин аткара берерин айтты.
Маалыматтарга караганда, Стармердин мындай чечим кабыл алышына партия ичиндеги нааразылык жана өкмөт мүчөлөрүнүн колдоосунун азайышы себеп болгон.
Лейбористтер партиясы жаңы лидерди шайлоо өнөктүгүн 9-июлда баштайт. Байкоочулар Манчестердин мурдагы мэри Энди Бөрнем негизги талапкер болушу мүмкүн экенин белгилешүүдө.
Стармер жетектеген партия акыркы жылдары экономикалык кыйынчылыктар, мыйзамсыз миграция маселеси жана бир катар саясий чатактардан улам коомдук колдоосун жогото баштаган. Ошол эле учурда Найжел Фараж менен байланышкан Reform UK партиясынын популярдуулугу өсүп жатканын сурамжылоолор көрсөтүүдө.