www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ырчы катары салттуу музыкага басым жасап, комузду гитарадай кылып аккорд менен чертип башкалардан айырмаланган өзгөчө таланты менен элге таанылып келе жаткан Үмүтай Абдышова менен жакында маектешкен элек.
“Агайымдын мактоосу мага дем-күч берип...”
-Өзүм таята-таенемдин колунда өскөндүктөн айылдын турмушун жакшы билген кыз болчумун. Айылда жүргөндө курак курап, шырдак шырычымын. Ошентип, 5-класстан тарта өзүмдүн апамдын колуна келдим. “Аккан арыктан суу агат” - дегендей апам Бейшеева Махабат чыгармачыл адам экендигин баса белгилеп кетмекчимин. Учурда апам Балыкчы шаарындагы Балдар билим борборун жетектеп эмгектенип жатат. Ал киши кыргыз тили, адабияты сабактары боюнча мугалим болгондуктан мага жакшы таасири тийди деп айтсам жаңылышпайм. Анткени мугалимдердин балдары тыкылдап сүйлөп башкалардан айырмаланып турат эмеспи. Айылдан келгенден кийин апам мени Балыкчы шаарындагы Балдар музыкалык мектебине алып барып Жунушакунов Максүт деген агайдын колуна тапшырган болчу. Ошону менен катар эле №4-мектеп-гимназияда билим алмай болдум. Апамдын мугалим болгонуна байланыштуу “Эл караган бети жер карабасын” деп айылда окубаган окууну шаардан окуй баштадым.
Окуудан сырткары компьютер, тил үйрөнүү курстарына барып жаттым. Музыкалык мектептен беш жыл окуп комуз боюнча сабак алдым.
Алгач ал жерден Атайдын, Токтогулдун жеңил күүлөрүн үйрөнө баштаган элем. Анан 7-классты бүтүп каникулга айылга барганда элдин баары “Үмүт сен комуз үйрөнүп жаткан турбайсыңбы. Кана эми ырдап берчи”-деп сурана башташты. Көрсө, комуз черткендерди ырдайт деген ой ар бир адамда болот экен да. Ошондо элдин сөзүнө намыстанып үйгө кирип, комузду алып “Таалай элеси” тобунун “Жүрөк сыры” аттуу ырынын комуз менен башталган жерин терип чертип үйрөнүп алдым. Эмне үчүн мен ырдабайм?”-деп ошондо гана мага идея келди. А бирок ага чейин ямаханын, аккордеондун коштоосунда ырдачумун. Ошентип, андан кийин кайсы жакшы ыр чыкса эле сөзүн аткарганга аракет кыла баштадым.
Ал кезде азыркыдай Интернет деген жок болчу. Радиодон жакшы ырлар жаңырып калса жанталашып жазып алчумун. Эгер ырдын сөзүн толук жазганга жетишпей калсам, анда ручка, барак даярдап алып ошол ыр кайра жаңыргыча күтчүмүн. Ар бир ырды жаттап комуздун коштоосунда жакшы өздөштүрүп алчумун. Анан агайымдын жанына барганда күү үйрөнгүм келбей “Агай мен жаңы ыр үйрөндөм. Ырдап берейинби?”-десем эле ал киши каршы болчу эмес. А мен ырдагандан кийин агай мени мактачу. Чындыгында агайымдын мактоосу мага бир топ дем-күч берди.
“Апам чыгармачылыкка болгон табитимди ачкан”
-Өзүмдүн апам да комуз черткендиктен Андан “Кербезим”, “Жаштар маршы” деген күүлөрдү үйрөнгөм. Ал менин чыгармачылыкка болгон табитимди ачкан десем болот. Акыры комуз үйрөнүп шаардык, областтык, республикалык деңгээлдеги конкурстарга, фестивалдарга катышып жүргөн учурда апам мени колумдан жетелеп КТРКдагы “Чабыт” деген теледолбоорго катыштырганы алып келди. Бул долбоорду демилге көтөрүп КТРКнын режиссёру Ырыс Окенова уюштурган эле. Роза Аманова элдик салттуу ырлар бөлүмүн жетектесе, Нурак Абдырахманов комуз боюнча жетекчи экен. Ошондо мен тандоо турунан өтүп кеткенден кийин финалга чейин катышып көмөкөй менен ырдаганды Роза Амановадан үйрөнгөм.
Тилекке каршы, чыгармачылыкка андан ары толугу менен киришүүнү каалап турсам да, мектепти бүткөндөн кийин апамдын демилгеси менен келечекте керектүү кесипке ээ болуш үчүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин котормочу котормочулук бөлүмүнө тапшыргам. Бул окуу жайда беш жыл окуганым менен, касы жактан сыйлуу коноктор келсе артист көйнөгүмдү кийип, комузумду колумдан түшүрбөй ырдап жүрчүмүн. Жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин Балыкчы шаарындагы Балдар музыкалык мектебине мугалим болуп ишке орношуу менен бирге, ал жерде комуз ансамблин уюштурдум.
“Өзүнүн аты Үмөтай. Ырдаган ыры Күңөтай...”
-Менин атым 9-класска чейин Үмүт эле болчу. Апам 11 бир тууган эле. Анан мен төрөлгөндө апам бир туугандарына аттарды баракчаларга жаздырып, столдун үстүнө көмкөрөсүнөн койдурткан экен. Баракчалардын арасынан апам бирөөсүн алса Үмүт деген ат чыккан экен. Үмүт болуп жүрүп “Чабыт” теледолбооруна катышканда “Күңөтай” деген ырды аткарган элем. “Өзүнүн аты Үмөтай. Ырдаган ыры Күңөтай” дешип ал жердегилер “Мындан кийин сенин атың Үмүтай болсун. Кыргыздын бул нукура аты сага жарашат”-деп айтышкан эле. Ошондон бери Үмүтай болуп калдым. Акыры мектепти бүтүп паспорт алганда атымды Үмүтай деп жаздырып алдым.
“Мени жактырган мырза материалдык жактан күчтүү болушу керек”
-Алдыга койгон максаттарым аябай эле көп. Ал максаттарымдын эң алдыңкысы-кайсы кесиптин ээси болсом да өз ишимдин устаты болуу. Келечекте өзүнүн артына из калтырган инсандардын бири болгум келет. Анан турмуш кура турган жакшы адам болсо мыкты эне, сүйүктүү жар болгум келет. Ал үчүн мага жоопкерчиликтүү, үй-бүлөгө камкор, оор басырыктуу, ыймандуу мырза болсо эле жетет. Эгер үй-бүлө кура турган эки адамдын көз караштары бир болсо, анда көптөгөн кыйынчылыктарды жеңсе болот. Материалдык жактан баардыгы жетиштүү жерге барып бактылуу болуп кеткендерди көргөн жокмун. А мен мага жаккан мырзанын жердигине карабайм.
А бирок сүйлөгөн дикциясына карашым мүмкүн. Анткени адабий тил менен сүйлөбөгөндөрдү көрсөм эле эмнегедир кыжырым келе берет. Балким, апамдан тышкары өзүм дагы тилчи болуп калгандыгым үчүн аябай маани берсем керек. Буга чейин кайсы жерди кулуну болгонуна карабай так сүйлөгөндөрдү көрүп ынандым. А мен ойлочу элем, түштүктүк болсо эле обон салып сүйлөсө керек деп. Ал жакта таза сүйлөгөндөр деле бар экен.
Эгер мурда ажырашкан, менден бир топ жаш улуу, же кичүүлөр болсо деле көңүлүмө туура келсе турмуш курганга макул болмокмун. Негизи эле мырзалардын жаш курагына карабайм. Мени жактырган мырза менден материалдык, моралдык жактан күчтүү болуп, менин жашоомо шарт түзүп берүүсү керек. Эгер мен сүйгөн мырза мени жактырса, анда мен үчүн жагымдуу көрүнүш болмок. Ал эми мага жакпаган адам мени кызганса “Эй, башымды оорутпачы!” - деп айтышым мүмкүн (күлүп).
Нурлан ИСАМАТОВ
Булак: NazarNews.kg