www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусундагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин оператору жана анын шериги кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, облустук «Унаа» мекемесинин А.М.И. аттуу кызматкериа Б.Ш.Ж. аттуу ортомчусу аркылуу Жалал-Абад шаарынын тургунун коркутуп, айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшыруу маселеси боюнча оң чечим чыгаруу үчүн акча талап кылышкан.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси («Опузалап пара талап кылуу») менен катталган. Кылмышка шектүүлөр 26-апрелде пара алып жаткан жеринен кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости