www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги алмашты. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында маалымдалат.

Билдирүүгө ылайык, өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору Марат Пирназаров берген арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, анын ордуна Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын сунушу менен Түмөнбаев Турусбек Тогузбаевич директор болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын премьер-министри Садыр Жапаров кол койду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости