www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үндөбөй үйдөй балээден кутулду

Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Бинали Йылдырым Кыргызстанга эки күндүк расмий иш сапары менен келип кетти. Ал Кыргызстандын парламент төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолукту. Түрк спикери Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков менен жолуккан кезде Гүленчилер темасын кайрадан козгоп: "Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы байланышыбызга көлөкө түшүргөн бир маселе бар. Ал Түркиядагы төңкөрүш аракетин жасаган ФЕТО террордук уюму. Бул маселе боюнча Чыңгыз Айтматовдун тилинде бир мисал бере кетейин. Айтматовдун чыгармаларында "Алар силер сыяктуу кийинет, силер сыяктуу сүйлөйт. Бирок өзүнүн мамлекетине чыккынчылык кылат. Өз элинин душмандарына кошулуп, өз улутуна каршы иштейт" деп жазган. Бул каарманды «Манас» эпосунда Көзкаман деген аталыш менен да жолуктурууга болот. Бирок Көзкаман менен маңкуртту чаташтырбаш керек.

Маңкурт - бул акылынан айныган, эмне кылганын билбеген бир байкуш. Көзкаман болсо бардыгын билип туруп иш кылган чыккынчы. Гүленчилер дал ушул Көзкаман сыяктуу", - деп айтып, бул маселе боюнча качан чара көрөсүңөр дегенди ачык эле билдирди. Мындай сөөмөй кезөөгө Дастан Жумабеков ак же көк деген жок. Кудум, унчукпаган үйдөй балээден кутулат деген эрежени карманып, талкан сугунуп алгандай үн катпады...

Булак: "Ачык саясат"  

Последние новости