www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов орун басары жарым миилион долларды шапке катары алууга ашыгып жаткан жеринен колго түшкөндө “шок болдум” деген эле. Андан бери бир канча күн өтсө да, орун басарым мындай иш менен камалып калды. Мен жетекчи катары иштөөгө абийирим жол бербей жатат, өз эрким менен иштен кетейин деп бир ооз сөз айтууга жараган жок. Сыягы, элдин баары Атамбаевдин маегине алаксып, саясат башка жакка ооп кетсе, орун басарымдын иши элдин эсинен чыгып, унутулуп калса, билмексен болуп иштей берейин дегендей.
Бирок, коопсуздук кеңешинин жыйынында өкмөткө моралдык жактан сокку урган пара алуу маселесин көз жаздымда калтырбай президент Калиловду “иштен четтесин деген буйрук берип, тийешелүүнүн баары жазалансын” деди. Баракелде, уялбагандарды, жоопкерчиликти кымындай да сезбеген адамдарга ушинтип билбесе билгизе айтып, көрбөсө көргөзө айтыш керек. Ошондой эле экинчи бул тармакка караандабай турган кылыш керек. Болбосо, жеп ичип, ичкен жерин майкандап алып, коррупционер десең далилде деп чыгышат.
Булак: NazarNews.kg