www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокуратура УКМКнын быйыл 18-июнда мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге козголгон иш "кылмыш аракети жок" деген жүйө менен кыскарткан чечимин жокко чыгарды. Мындай чечимди кабыл алууда дээрлик 6 ай убакыт кегги. Президент Сооронбай Жээнбековдун Конгантиев боюнча Башкы прокуратурага бул ишти иликтеп, тер-гөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган иши 6 ай дегенде ордунан жылды. Бир барак кагаздын укуктук маанисин карап чыгууга мынчалык узак убакыт талап кылынганына караганда, соодалашуунун баасы чыкпай жаткан өңдөнөт. Эми Конгантиевге карата 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен козголгон кылмыш иши кайрдан тергелүүгө тийиш. Жыйынтыгы кандай болот эми аны айтуу кыйын. Коомчулукту сооротуп туруп, ишти "кимди ким көрдү Быржыбайды там басты" кылбайт дегенге кепилдик жок.
Булак: "Ачык саясат"