www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ТЭЦтеги аварияга дээрлик бир жыл болгону калды. Бул аралыкта чуулгандуу чырдын айынан экс-премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев, Энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев баштаган бир топ аткаминерлер камалып, бүгүнкү күнгө чейин тергөөсү бүтпөй УКМКнын СИЗОсунда «эс алып» жатышат. Ошол эле кезде дал ушул чырлуу окуяга түздөн-түз тиешеси бардыгы айтылып келе жаткан мурдагы Каржы министри Ольга Лаврова, мурдагы Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Мамлекеттик башкы архитектуранын жетекчиси Бакыт Абдиев, Сапар Исаков сыяктуу ТВЕАны мактап кат жазган Нурсулуу Ахмедова, ТЭЦтин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу, азыркы директору Андрей Воропаев, ошол кездеги ТЭЦти жаңылоого уруксаат бергенге документтерге кол коюшкан Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттеринин жетекчилери Кожобек Рыспаев, Каныбек Иманалиевдер, парламенттин ошол учурдагы тө-рагасы Асылбек Жээнбековдордун жоопкерчилиги эмнеге каралбай, эркиндикте жүрүшөт деген маселе дагы деле кызуу талкууланып келет. ТЭЦ авария болгондо кышкы ондоп-түзөөгө делип мамлекетгик бюджеттен бөлүнгөн жарым миллион сомго жакын акча максаттуу жумшалбай калганы да ачыкка чыккан. Ал кезде азыркы президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турган. ТЭЦти жаңылоо ишин бүттү деп кол коюп, өткөрүп алган. Сапар Исаков ошол үчүн Жогорку Кеңештин депутатгары иликтеген ТЭЦ боюнча күнөө-көрлөрдүн катарына Жээнбековдун фамилиясын дагы кошкула деп чыркырап жатып камалып кеткенин эл жакшы билет. Ошол себептен, ушул ТЭЦ чырында бийлик кош стандарттуу мамиле жасап жатканына көпчүлүк нааразы...
Булак: "Ачык саясат"