www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

520 миң доллар шапке алганга ашыккан Азимжан Жусубалиевдин пара алып кармалгандан бери ал тармакта  эбегейсиз ири суммалар айланаары ачыкка чыгып калды. Ошон үчүн транспорт тармагына аралашкан адам заматта кыял күтүп, байый түшөт тура деп, байыганды максат кылгандардын көбү аталган тармакка  ишке орношууну максат кылып калышты. Жусубалиевдин жоругу менен  Кыргызстанда мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп эле байып кеткендердин сыры кичине болсо да ачылгансыды. Көрсө, көбү эле тендердин арты менен бутка турушат тура.

Тендер деген ири суммадагы каражат  табуунун мыйзамдуу жолу экен да. Тендер өткөрдүк, баланча компания жеңди деп  жарыялап коюшчу. Көрсө, акчасын алып, башкасын билгениңдей кыл дешип, кайдыгер болушканы үчүн техникасы түгүл бир күрөгү жок адамдар тендерден утуп, калган акчаны өөнөп калайын деп  ишти сапатсыз  жасашчу тура.

Эми мындан ары кайсыл тармакта тендер жарыяланса, коррупцияга каршы кызматтын кызматкерлери ар бир тендердин үстүнөн тымызын түшүшү керек. Болбосо, мындай иштерди жасап көнүп калгандар тобокелчиликке салып,  Кудай сактасын деп уланта беришет. Биздин чиновниктерге уяттан да акча жогору турат. Ошон үчүн мындай иштерди ойлонбой жасашат. Анан байышып алып, акылдуу сөздөрдү сүйлөшөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости