www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ундун баасы канча пайызга кымбаттады? Жооп

Ундун баасы сентябрь айынан баштап 3 %га эле кымбаттады. Декабрь айына салыштырмалуу баасы кымбаттаган жок. Бул тууралуу ун өндүрүчүүлөр ассоциациясынын президенти Рустам Жунушов билдирди.

Ошондой эле Жунушов:

“Биз баарыбыз көрүп жатабыз революция, пандемия болду. Казакстанда окуялар болгон сайын бизде чек аралар жабылат. Эң негизги азыктар жетишпей кризис болот. Мисалы былтыркы жылы пандемия болгондо чек аралар жабылып, өзүбүздүн азык-түлүк жетпей, акыбалдан араң эле чыкканбыз.

Былтыр Кыргызстанда 6,7 эле комбинат иштечү, быйылкы жылы бизде азыр 27 комбинат иштеп жатат. Себеби 2021-жылдын август айында министирлер кабинети тегирменчилерге буудайды импорт кылганда "нулевая ставка" кылып берген. Ошонун негизинде бир аз жеңилдик болуп, тегирмендер иштей баштады.

Айрым аймактарда ортомчулар ундун баасы кымбаттайт деп жалган маалымат жеткирип жатат. Ундун көтөрүлүшүнө бир эле негиз бар. Бул буудайдын кымбатташы же буудайдын келбей калышы. Кыргызстанда 16-жылдан бери буудайдын көлөмү азайган.

Бүгүнкү күндө ундун кармаган 1 жарым, 2 айлык эле запастары бар. Казакстандын уну кымбат болгону үчүн биз сентябрь айынан баштап Орусиядан алып келип баштадык. Транзит үзүлбөй бизге чийки зат келип турса, биз Кыргызстандын элин какмсыздай алабыз”, – деп кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости