www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ура! Мунарбек Сейитбек уулу финалга чыкты

Мунарбек Сейитбек уулу Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында финалга чыкты.

Ал бокс боюнча мелдештерге 57 килограммга чейинки салмак ченинде катышууда.

Кыргызстандык спортчу 1/8 финалдык баскычтан баштап, 1-августка караган түнү кубалык Сайдель Хортаны экиге бөлүп утуп, чейрек финалга чыкты.

Сейитбек уулу 4-августка караган түнү дүйнө чемпиону АКШлык Жамал Харви менен беттешип, кайрадан экиге бөлүнүп жеңишке жетти.

9-августка караган түнү ал Ролан Гаррос теннис турнири өтүп жаткан Филипп Шатрие кортунда жарым финалдык беттешин өткөрдү. Кыргызстандыктын атаандашы болгариялык Хавьер Ибанес Диас болду.

Ар бири 3 мүнөттөн турган үч раунддун жыйынтыгында калыстар бөлүү чечими менен жеңишти кыргызстандыкка беришти.

Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарынын финалына чыгып, 11-августка караган түнү Азиянын, дүйнөнүн жана Азия оюндарынын учурдагы чемпиону өзбекстандык Абдумалик Холоков менен беттешет.

Последние новости