www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кошоматчы депутат Балбак Түлөбаев УКМК менен Башкы прокуратура тирешиптурганын элге жарыялады. Ал өзү кошматчы болсо, буларга кантип даап сөз айталады? Балким аны кимдир бирөөлөр үйлөп жаткандыр? Башкы прокуратура деген жер бар, ким бийликке келсе анын ур-токмогуна айланган.

Айрыкча, Алмазбек Атамбаевдин убагында «жарма таарынычтардан» улам камалгандардын саны кескин өскөн. Азыр Башкы прокуратура тараптан эмес УКМК тараптан шамал согуп турат, шамал гана эмес ураган, тайфун. Жанын баккандар бийликке кире качышып араң кутулуп жатышат

Курманкул Зулушев

Курманкул Зулушевдин туулган күнү экен,куттуктап койолу. Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев генерал-лейтенантка тете "Юстициянын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси" атайын чинине ээ болду. Зулушев Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2020-жылдын октябрь айында бийлик алмашкан соң Башкы прокурор болуп дайындалган. «Чоң муштум» болсоң чатак, эми 30-60 миң төлөбөй 5 жылга кесилесиң, бул жаңы кодексте каралган.

Жазык-укук жаатындагы мыйзамдарга жана кодекстерге киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук бир жылдын ичинде эки же андан ашык кайталанса ал кылмыш болуп саналат. Кылмышкерге карата беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралды.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев айтымында, азыр иштеп жаткан мыйзамдарда үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөндөр коомдук жумуштарга тартылып, 30 миң сомдон 60 миң сомго чейин айып пул төлөөгө милдеттендирилген. Башкы прокуратура бир катар мыйзамдарды жана кодекстерди өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

2019-жылдагы кодекстер менен мыйзамдарды кайра өзгөртүү максатында Жазык, Жазык-процессуалдык, Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекстердин жаңы редакциясы жана Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору 7-майда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлган. Аларды 1-апрелде президенттин жарлыгы менен түзүлгөн Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча кеңеш үчүн сунуш иштеп чыгуу максатында түзүлгөн эксперттик жумуш тобу иштеп чыккан

Башкы прокуратура органдары тарабынан 2020-жылдын 1-октябрынан коррупция багытында 633 жазык иши козголгон. Жогоруда айтылган иштерден мамлекетке 2 млрд 420 млн 380 миң 512 сом зыян келтирилген. Башкы прокуратура жазык иштерин караштуулугу боюнча тергөө органдарына жөнөттү. Былтыр прокуратура органдары мамлекеттик мекемелерге карата 3 миңден ашык текшерүү жүргүзгөн.

Анын жыйынтыгында, 6 миңден ашык мыйзам бузуу аныкталган. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 1360 мамлекеттик кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган. 661 кылмыш иши козголуп, тергөө органдарына өткөрүлүп берилген. Мамлекетке келтирилген 582 млн 132 миң сом зыян өндүрүлгөн. Ал эми коррупцияга каршы багытында 1647 текшерүү жүргүзүлүп, 4 миң 103 мыйзам бузуу табылган. Натыйжада 1721 мамлекеттик кызматкер тартип жоопкерчилигине тартылган жана 110 млн 754 миң сом зыяндын орду толтурулган.

2005-2020 -жылдар

Табалдиев Бусурманкул (2005), Конгантиев Камбаралы (2005-20007), Сатыбалдиев Элмурза (2007 2009), Турсункулов Нурлан (2009-2010), Ибраев Байтемир (2010), Байболов Кубатбек (2010-2011), Салянова Аида (2011-2015), Жолдубаева Индира (2015-2018), Жамшитов Өткүрбек (2018-2020).

Азимбек Бекназаров

«Революциянын бульдозеру» атка конгон Азимбек Бекназаровдун тарыхы Аксы окуясынан бери Кыргызстандын тарыхы менен байланыштуу. Кыргызстандын атуулу Азимбек Бекназаров Кыргызстандагы белгилүү саясатчылардын бири. Мамлекетте оор кырдаалда Бекназаровго кайрылып кеңеш сурабаган бир дагы саясатчы жок. Акыркы убакытта президент Садыр Жапаровго алыстан кайрылуу жасап, тынчсызданып келүүдө. Тилекке каршы коомчулук Бекназаровдун пикирин ар кандай кабыл алып жатат.

Убагында Атамбаев мыйзамсыз түзгөн АКС жана УКМКга берилген тергөө ыйгарым укуктары жөнүндө болуп, кызматтык кылмыштарды тергөө иштерин жүргүзүү, аткаруу бийлигинин тутумуна кирбеген Башкы прокутурага кайра берилишин же Россияныкындай өзүнчө тергөө Комитетин түзүүнү Конституциялык деңгээлде чечүү сунушу берилген.

Элчинин президентке кеңеш бергенге же УКМКнын тергеп жаткан иштерине өз оюн айтканга укугу жок экенин Азимбек Бекназаров абдан жакшы билет, бирок мамлекеттик кызматкерлер, анын ичинде элчилер, өлкөбүздө болуп жаткан аягына чыга элек Конституциялык реформа, жаңылануу процесстери боюнча атуул катары өз пикирин айтканга, сунуш бергенге укугу бар.

өМуну мен бир эле укук эмес, Кыргызстандын атуулунун ыйык милдети. «Кыргыздын мыкты мекенчил уулу, элибиздин коррупциядан тазаланышы үчүн башын сайып иштеп жаткан Ташиевге моралдык, саясий жардам көрсөтөбүз десеңер, ал өзү сурангандай дуба кылып, ден-соолугун, өмүрүн бир жараткандан тилеп туралы! Мен баарыңарды ошого чакырам!» - деп турат Бекназаров.

Суталинов Мурат

2005-жылдын 23-мартында Башкы прокурор болуп келген.Бирок, март ыңкылабынан соң башка кызматтарды аркалап кеткен.

Абдылдаев Мыктыбек

Сталиндин заманында элеттин эли акча эмне экенин унутуп коюшкан. Колхоздон эмгек күнүнө дешип, эптеп дан алса алгандыр, албаса машак теришип күн көрүшкөн. Кийин заман оңолгондо пенсияга бир аз акча карай баштаган.

Аскар Акаевдин заманында Башкы прокурорлук кызматтан баш тарткан Мыктыбек Абдылдаев таятасынын колунда чоңоюп өсүптүр. Ошол илгеркиден бир кеп козгоп кетели, Мыктыбек Абдылдаев 4 сом менен жашаган үй-бүлөнүн өкүлү. Таятасынын көзү өтүп, таенеси Мыктыбек Абдылдаевди багыш үчүн Казакстанда эмгектенген.

Анын эмгегин баалашкан казак эли аны «Социалисттик Эмгектин баатырдыгына» көрсөтүшкөн. Трайбализмби же башка сезимби угушубузча Казакстандын биринчи секретары Динмухаммед Кунаев өзү кабыл алган. Ал деле айткан экен кыргызда Зууракан Кайназарова, Керимбүбү Шопокова сыяктуу баатырлар жер жайнап кетти, биз казактарды көтөрүшүбүз керек. Биз сиз кыргыз болгондуктан «Социалисттик Эмгектин баатырдыгын» бере албайбыз, аны казактар алсын. Бирок сиздин эмгегиңиз үчүн, андан кийинки наамды «Ленин» орденин беребиз дептир. Мына трайбализм каякта жатат. Эгер казак болсо «Баатырдыкты» алмак.

Өкүнүчтүү, союз убагында деле кан тартып турган, «Социалисттик Эмгектин баатырдыгын» албай калган Мыктыбек Абдылдаевдин таенеси өз мекени Кыргызстанга кайтканда 4 сом пенсия алчу экен. Ал кызынын баласы Мыктыбекти багып алып, ошол пенсиясы менен бир үй-бүлөнү бакканы аз келгенсип, кошуна-колоңдорго жардам берген.

Ал Мыктыбек Абдылдаевге кыргыздын кылымдан бери келаткан тарбиясын берип өстүргөн. Кийин Мыктыбек Абдылдаев кызмат тарабынан көтөрүлүп Ысык-Көлдө иштеп кетет. Андан соң Бишкекке которулат, ошондо анын үстүнөн «былыктарды» козгошуп жалган кылмыш ишин ачышат. Ошондо аны жакшы билген Ысык-Көлдүн губернатору Жумагул Сааданбеков ортого түшүп, Мыктыбек Абдылдаев түз иштеген жигит деп Акаевге чейин кирип айтып бул ишти жаптырганын айтышат.

Ушундай таенесинин каныккан тарбиясы менен өскөн Мыктыбек Абдылдаевге 2005-жылы 23-мартта Башкы командачы Аскар Акаевден элге каршы акцияларды баштасын деген буйрук келет. Башкалар болсо чөгөлөп буйрукту аткара баштайт Мыктыбек Абдылдаев элге каршы ок аткандан баш тартып 2005-жылдын 23-мартынан “ИИМдин кадрлар Башкармалыгынын резервинен” Акаевдин Жарлыгы менен бошотулган.

2005 -жылдын 24-мартынан ыңкылаптан соң Ички иштер министринин милдетин аткаруучу, Кыргызстан Президентинин Администрациясынын башчысынын 1-орун басары, Кыргызстан Президентинин Администрациясынын башчысы. 2007-жылы апрелде өз ыктыяры менен отставкага кетип, ордуна МЧС атка конгон Садыркулов Медет келген.

2010 -жылдын 13-июлунан “Ата-Журт” партиясынын тең төрагасы жана саясий кеңешинин мүчөсү.

2010-жылдын октябрынан парламенттин V чакырылышына “Ата-Журт” идеалисттик демократиялык саясий партиясына тизме боюнча азыркы мамлекетин башындагы Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен биригип депутат болуп шайланган.

2015-жылдагы парламенттик шайлоодо «Бир бол», Мыктыбек Абдылдаевди алдыга салып парламентке өтүшкөн. 2020 – жылы октябрдагы башаламандыктан соң, депутаттардын бары спикерден качып, эч ким даай албавй турганда Мыктыбек Абдылдаев бул милдетти бир күнгө өзү алып, элди уюштуруп тарыхта калды.

Абышкаев Чубак

Абышкаев Чубактын иши «Чубактын кунундай» эмгиче чубалып жүрөт. Аксы окуясынын учурунда 2002-жылы 17-мартта бир топ киши атылып кеткенде Абышкаев Чубак Башкы прокурор болгон. Түбү кегетилик Абышкаев Чубак ошондон бери кандуу прокурор катары тарыхка жазылып калган.

Шаршеналиев Асанбек

Эң узак жети жыл Башкы прокурор болгон.

Баекова Чолпон

Баекова өз билиминин күчтүүлүгүнөн алгачкы Башкы прокурор болгон. Ал легендарлуу парламенттин депутаты катары юридикалык билимин эл алдында ачып берген. Легендарлуу парламенттин сессиясы болгондо жалгыз гана Баекованын үнү жаңырып калган. Ал кезде Баекова Юстиция министрлигинин биринчи орун басары эле. Кыргызстан эгемендүүлүктүү алган соң 1991-93-жылы КРнын Башкы прокурору болуп иштеген. Бир гана анын «хамалеончо» өзгөрүп кеткени болбосо билими абдан күчтүү. Ал Аскар Акаев президент кезинде кеминдик болуп жүргөн, Курманбек Бакиевдин убагында жалалабаддык болуп бир далай кызматтарды итерди, Алмазбек Атамбаевдин убагында чүйлүк болуп кубулду, Сооронбай Жээнбековдун учурунда кайра оштук болду. Эми каяктык экенин ким билет, жүз миңдеген пенсия алып персоналдык пенсияда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости