www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Түркия лидеринин администрациясы билдиргендей, эки тараптуу мамилелер, аймактык жана глобалдык маселелер, анын ичинде Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу талкууланды.
"Сүйлөшүү учурунда Түркия менен Россиянын эки тараптуу мамилелери, аймактык жана дүйнөлүк маселелер талкууланды. Президент Эрдоган Түркия менен Россиянын кызматташтыгы аймактагы көйгөйлөрдү чечүүдө маанилүү экенин баса белгиледи. Ошондой эле Түркия Россия менен Украинанын ортосундагы согушту токтотууга багытталган процессти кунт коюп көзөмөлдөп жатканын жана ар кандай жардам берүүгө, анын ичинде тынчтык сүйлөшүүлөрүн уюштурууга даяр экенин билдирди", – деп айтылат маалыматта.
Эрдоган ошондой эле Кара деңизде соода кемелеринин коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чаралар тынчтык процессине көмөктөшөрүн белгилеп, Түркия Кара деңиздин жаңжал аймагына айланбашына салым кошууну улантарын айтты.
Телефондук сүйлөшүүдө Эрдоган Түркия Россия менен Сирия боюнча кызматташтыкка чоң маани берерин да билдирди.
"Президент Эрдоган Түркия Сириянын аймактык бүтүндүгүнө негизделген туруктуулукка жана тынчтыкка жетишүү үчүн Россия менен биргеликте иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле эки өлкө Сириянын биримдигин бузууга багытталган этностук жана сектанттык ажырымды күчөтүү аракеттерине каршы биргелешип иштей аларын жана Сирияга каршы киргизилген санкцияларды толук жоюу боюнча кызматташуусу мүмкүн экенин айтты", – деп жазылган билдирүүдө.
Мындан тышкары, Эрдоган Сириянын түндүгүндө ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жана Анкара тарабынан Түркияда тыюу салынган Күрт жумушчу партиясы (РПК) менен байланышы бар деп эсептелген "Сириянын демократиялык күчтөрүн" таркатуу зарыл экенин айтты. Ал Сириянын туруктуулугу үчүн анын аймагы "террористтик уюмдар үчүн коопсуз жер" болбошу керектигин белгилеп, "Сириянын ресурстары сириялык администрацияга калтырылышы керек" деп баса белгиледи.