www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Июнь окуясына бир ай калганда мурдагы чекист Алик Орозов Отунбаевага кирип, улут аралык жаңжал чыгып кетиши мүмкүн деген кат киргизгени эл арасына тараган», - деди бүгүн, 13-апрелде NazarNews маалымат агенттигине жарандык активист Уран Рыскулов.

- Уран мырза, түштүк коогалаңы боюнча Роза Отунбаева «биздин да айта турган сөзүбүз бар. Кара жащиктин оозун ачпагыла деп кеңеш берет элем» - деди. Бул ишке баа берилиши керекпи же болоор иш болду, боёсу канды деп койгонубуз туурабы?

- Буга чейин Ош коогалаңына эки улуттун чыр чатагы өңүтүндө баа берип келишкен. Ал чатакка эки элдин эч кандай тиешеси жок экенин, бул жерде сырткы күчтөрдүн оюну экенин өзбек президенти Ислам Каримов ташка тамга баскандай айтып койгон. Анча эле күнөөлөрү жок болсо, Роза Отунбаева элдин оозун тыйганча өзүнүн администрация жетекчиси болгон Каптагаевдин оозун басып койбойбу.

Июнь айларында түштүккө орус атайын кызматтарынын генералдары толуп кеткенин ошол киши оңду-солду маалымат булактарына жарыя кылып келбеди беле. Июнь окуясына бир ай калганда мурдагы чекист Алик Орозов Отунбаевага кирип, улут аралык жаңжал чыгып кетиши мүмкүн деген кат киргизгени эл арасына тараган.

Демек, убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү кырсыкты алдын алыштын ордуна сырткы күчтөрдүн кызыкчылыгы үчүн унчукпай коюшкан. Бир топ убакыт өткөндөн кийин анализ кылган кишиге июнь коогалаңы кыргыз келечегин талкалай турган конституцияны кабыл алыш үчүн ойлонуп чыгарылган алаксытуучу маневр болгондой таасир калтырат. Мезгили келгенде баары ачыкка чыгат. Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү эртеби-кечпи өз жазаларын алышат. Кыргыздар кан коё бербейт деген сөз бар. Ошончо кишинин каны баары бир чындыкты ачыкка чыгарат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости