www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү күнү урандын кени 28 өлкөдө гана бар, анын ону уран кенин иштетүү боюнча алдыда турат. Уран иштетүү боюнча кошуна Казакстан 17 500 тонна менен дүйнөдө биринчи орунда. Алтынчы орунда Орусия 3 600 тонна, жетинчи орунда ашынабыз Өзбекстан 2 400 тонна. Орусияда урандын 800 миң тонна запасы бар, жети жерде урандын кенин иштетип жатышат. Уранга болгон талап өсүп баратат. Кызыл-Омпол уран кенине болгон кызыгуулар Акаевдин учурунда көбөйө баштайт. Отунбаеванын кен тууралуу маселеге убактысы жеткен жок. Ал эми Атамбаев, Жээнбековдор № 151 мыйзамга кол шилтеп, учурунда «ЮрАзия» компаниясын иштетүүгө далалат кылышты, бирок эл алдында духтары жеткен жок. 2009-жылы президент Бакиев «Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун камсыздоо үчүн жалпы техникалык регламент жөнүндө» №151 КРдин мыйзамына кол койот. Бул мыйзам айлана - чөйрөнү коргоо үчүн кабыл алынган. Мамлекеттин экологиялык коопсуздугун камсыздоо үчүн көп кендерди иштетүү үчүн тыюу салынган. Экологиялык коопсуздукту камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасында чарбачылык жана башка объекттерде, юридикалык жана физикалык тараптардын иш-аракеттерине, долбоорлоруна, иликтөөлөрүнө жалпы талап коюлуп, калкка зыян келтире турганы аныкталса тыюу салынган. Бул мыйзамдын негизинде Кызыл-Омпол уран кениндеги иликтөөлөр токтотулган.
Кыргызстанда уран маселеси бүгүн гана чыга калган жок Майлуу-Суу шаарындагы, Миң-Куш, Кажы-Сай, Сумсар, Шекафтар, Кан шаарчаларындагы уран СССР убагында 1952-жылдан 1966-жылга чейин иштетилген. Ал кезде МАГАТЭ сыяктуу уранды иретке сала турган эл аралык уюмдар богон эмес. Ошондуктан, уран чар-жайыт Москванын көзөмөлүндө казылып алынчу. Буларды көмүп, тазалап, жок кылуу Москванын көздөй милдети болсо да СССРдин тарап кетишине шылтоолоп, өз жериңердеги көйгөйдү өзүңөр чечип алгыла дегендей салкын мамиле кылышкан. Кыргызстандын бюджети үчүн бул уран калдыктарынын салмагы оор болгон. Арийне, МАГАТЭнин кийлигишүүсү менен «Росатом» урандардын калдыктарын жоготууга көңүл бура баштаган.
Улуу Ата-Мекендик согуш ортолоп калганда эле дүйнөлүк лидерликти талашып СССР, АКШ, Германия атом бомбасын чыгаруу үчүн уран кенине кызыгуулар күчөгөн. Ал кезде «Ит талаган түлкүдөй» кылып Кыргызстандын Майлуу-Суу шаарындагы, Миң-Куш, Кажы-Сай, Сумсар, Шекафтар, Кан шаарчаларындагы уран кенин казып алышып, көмүмүш болуп кетип калышкан. Ушул СССРдин калтырып кеткен калдыктары бүгүн кыргыз элинин жүрөгүнө кадалган оор дарт болду.
Азыркы учурда уранды иштетүүнүн жаңы ыкмалары колдонулат. Уран чыгаруу боюнча эки жолу бар, биринчи ачык, экинчиси жер алдында иштетүү. Ачык жолунда уранды иштетүүдө байытуунун гравитациялык деп аталган ыкмасы да колдонулат. Гравитациялык ыкмада пайдалуу кендер химиялык заттар колдонулбастан алынат. Бир гана жүгүртмө суулар пайдаланылып, кийин ал жасалма көлгө топтолуп, кайра тазаланат. Уран чыга турган «Таш-Булак» кенинде так ушул экологияга зыяны тийбеген граватициялык ыкма колдонулат. Андан бекемделген контейнер менен уранды кайра иштетүү үчүн Кара-Балта тоо-кен комбинатына ташылып, ошол жерден инвесторлорго жөнөтүлөт. Иштете тургандар концентратты атайын коргоочу контейнерде ташылат, бул айлана-чөйрөнү булгоого жол бербейт дешет. Балким, бул тууралуу экологдордун сөзүн угуп көрөрбүз.
Уран тууралуу экологдор эмне дейт?
Ысык-Көлдөгү «Кызыл-Омпол» уран кенинде чалгындоо иштери жүрүп жаткан, ал жердеги экологиялык коопсуздук да сакталып, жергиликтүүлөргө зыяны тийбейт деп ишендиришүүдө. «Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун камсыздоо үчүн жалпы техникалык регламент жөнүндө» №151 КРдин мыйзамы унутулдубу? Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин экс-директору Абдыкалык Рустамов мындай дейт: «Бардыгы эле радиациянын зыяндуулугу же ушул сыяктуу пикирлерин айтып жатышат. Ал жакта радиациянын кайсы түрү бар? Маселе ушунда болуп жатпайбы. Биз атайын мониторинг жасадык. Мындан улам, мен аймакта радиация күчтүү дегенге кошула албайм. Кен жайгашкан аймакта болгону 7-8 чабандын үйү бар экен. Ал эми Балыкчыдан 30 км узак. А Кочкорго чейин андан да узак. Экинчиден, аяктан уранды чайкап туруп эле, Кара Балтага алып кетишет. Анан да, Кызыл-Омпол аймагынын айлана-чөйрөсүн жаңы технологиялар менен коргоп (рекультивация жасап) беребиз деп жатышат. Бардыгы бүткөндөн кийин тыкыр текшерүүдөн өтөт. Кийин ал жерге кайра чөп өссө, мал жайсак жаманбы? Азыр барып көрсөңөр, чөбү саргайып кеткен, уранды алып кетип, дарылагандан кийин айлана кадимкидей тазара түшөт.
Кара-Балтада Советтер Союзунан бери эле иштеп келе жаткан тоо-кен комбинаты бар. Кенди сактай турган жери талапка толук жооп берет. Жаман бир нерсе болуп кетет дегенге мен такыр кошула албайм. Кенден чыккан саркынды суулар Чүй каналына куят деп да жатышат… Мен Чүйдүн каналына куят дегенге такыр кошулбайм. Андай болушу да мүмкүн эмес. Ал үчүн химияны терең окушубуз керек болуп калат. Бул кенди жөн эле ызы-чуу кыла берген болбойт. Бул атомдук же ядролук жарылуу эмес да. Бул жердеги жаралып жаткан тополоңго такыр түшүнбөй койдум.
Кен иштетүүчү компаниянын лицензиясы 2020-жылы бүтөт экен. Элге мыйзам чегинде каражат төлөп жатышса, бардыгы талапка жооп берип жатса, карап көрүп ГКПМ чечип бериши керек да. Токтобошу керек. Себеби, аталган жактан уранды алып кетүү отуз жылдык долбоорду түзөт. Бардыгы талапка ылайык иш алып барышат. Радиацияны эч ким көрбөйт, же кармап жыттай албайсың. Болгону, каражаттын жардамы менен иш жүргүзүлөт. Уранды чыгарып кеткен соң ал жер кадимкидей тазарып калат». Бул ошол кездеги Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовдун пикири.
Кыргыз Республикасынын ал кездеги биринчи вице- премьери Кубатбек Боронов: «Мен расмий түрдө айтып жатам, уран кенин иштетүү жабылды. Компаниянын колунда уран кенин иштетмек турсун, чалгындоо жүргүзгөнгө да акысы жок. Лицензияны кайтарып алдык». Уран тууралуу былгып жаткан маселелер ачыкка чыгып, азыркы убакта кыргыз элин кыйла удургутуп барды. Аз жерден уран казсак эле Чернобылга айланабыз деп түшүнүп-түшүнүшпөй чуу салгандар да болду. Уран радиациялуу зат экенин эч ким танбайт. Кыргызстанда уран качан МАГАТЭнин эксперттери терең анализден өткөргөн соң гана уран кенин иштетүүгө уруксат алышат. «Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун камсыздоо үчүн жалпы техникалык регламент жөнүндө» №151 КРдин мыйзамы күчүнөн тайыдыбы?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg