www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулукта мектепте окуучу кыз асынып алды

Сокулук районунда спорт залда 9-класстын окуучусу асынып алды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-февралда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө 14 жаштагы Б.В. аттуу жарандын асынган денеси табылгандыгы боюнча маалымат түшкөн.

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу аталган жерге барган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыз асынып алганы белгилүү болгон. Милиция кызматкерлери сөөктү визуалдык түрдө карап чыгып, анын денесинде аркан изинен башка издерди табышкан эмес.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, экспертиза дайындалды. Бардык жагдайлар такталып, учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости