www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз кыргыздын улуттук баалуулуктарын, дөөлөттөрүн жана ата-бабалардан калган мурастарды Баш мыйзамдын башкы беренелерине туу кылып койбосок анда өнүгө албайбыз. Мындай пикирди коомдук ишмер, белгилүү саясатчы Дастан Сарыгулов NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

--“Кыргызстанда 30 жылдан бери Баш мыйзам президенттердин өзүн билемдигине жол ачып берди. Чоңдорго казынабызга кол салганга жол ачып берди. 30 жылдан бери чиновниктерге эле жакшы шарт түзүп келе жатат десем болот. Мигранттарыбыз айла жок кеткенге муктаж болушту. Андыктан азыр иштеп жаткан Баш мыйзамды өзгөртпөсөк, мамлекет жоголуп кетүү коркунучунда. Учурдагы “оңдодук” деген конституцияда кыргыздын улуттук наркы, баркы тууралуу сөз жок. Бул абдан өкүнүчтүү. Биз кыргыздын улуттук баалуулуктарын, дөөлөттөрүн жана ата-бабалардан калган мурастарды Баш мыйзамдын башкы беренелерине туу кылып койбосок анда өнүгө албайбыз. Азыркы конституцияда бир адамга бийликти берип коюптур. “Президент милдетти, жоопкерчиликти” алат дегендери туура эмес. Ал жоопкерчиликти албайт, бул “элди алдайт” деген сөз. Бүгүнкү бийлик кайра эле мурдагы президенттердин жолу менен кетип жатат. Ар бир келген өлкө башчы болуп келишип эле аны өзгөртүп, одоно бузуп өздөрүнө ыңгайлуу кылып түзүп алышат. Аягында жоопкерчилик алышпайт. Ошондуктан учурдагы жаңы долбоорду оңдоп, өзгөртүү киргизбесе кийин кеч болуп, өкүнүп калышат”, - дейт Сарыгулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости