www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлиги президенттик шайлоо боюнча 45 мыйзам бузуу фактысын каттады. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун отурумунда билдирди.

Урманбетов белгилегендей, мыйзам бузуулардын ичинен Бишкек шаары боюнча 11, Ош облусунда 16, Ош шаарында 2, Жалал-Абадда 4, Таласта 2, Чүйдө 7, Ысык-Көлдө 2, Нарында бир факты катталган.

«45 фактынын ичинен сегизи кылмыш иши боюнча катталган, бешөө сотко чейинки өндүрүштөн кыскартылган. Бишкекте 2, Чүйдө жана Ысык-Көлдө бирден, жалпы 4 факты добуш сатып алуу боюнча катталып, анын үчөө кыскарган. Жазыктар кодексинин уурдоо фактысы менен бир факты катталган. Ал өндүрүштө тергелип жатат», – деди министрдин орун басары.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости