www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вашингтон шаарында учурдагы президент Доналд Трамптын тарапташтарынын митингинде коомдук коопсуздукту камсыз кылууга Улуттук гвардия да тартылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, Дональд Трамп дүйшөмбүдө президенттик кызматта калууга «болгон күчү менен кармашарын» билдирди. Ал республикачыл мыйзам чыгаруучуларды Конгресстин Джо Байдендин жеңишин расмий бекитишине каршылык көрсөтүүгө чакырган.

Белгилей кетсек, азыркы президенттин тарапташтары Конгресс президенттик шайлоонун жыйынтыгын расмий бекитип жаткан маалда нааразылык акциясына чыгарын жарыялашкан.

Эскерте кетсек, 14-декабрда Шайлоочулар коллегиясы добуш берүүдө Джо Байден утканын ырастаганы менен президент жеңилгенин дагы эле мойнуна албай келет.

Өз кезегинде Трамп эч бир далил келтирбестен, шайлоо олуттуу мыйзам бузуу, бурмалоо менен коштолгонун айтып келет. Бирок, анын добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн арыздарынын көбүн соттор четке каккан. Юстиция министрлиги да президенттин дооматтарына негиз жок экенин жарыялаган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости