www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык түйүндөр аркылуу камактагы экс-депутат Садыр Жапаровго көңүл айткан кыргыз коомчулугунун аягы дагы деле суюла элек. Арасында Жапаровду бошотуу, актоо тууралуу учурдагы бийликке кайрылуу жасагандары дагы бар.
Алардын бири көпчүлүк таанымал коомдук ишмер Урмат Барктабасов, ал президенттин айкөлдүгүнө ишенүү менен өзүнүн Фейсбук баракчасына пост жайгаштырган. Тексти бузбай беребиз:
«Урматтуу Сооронбай Шарипович! Урматтуу Президент! Кыргыз эли көп кыйынчылыктарды башынан өткөрүптүр.. Кыргыздын бычака саптуу бир уулу абакта жатат. Күнөөсү барбы-жокпу, мен так билбейм, калп айта албайм. Бирок, элге жагымдуу уулунун бири. Элге кереги тийчү,элге жөлөк болчу балдардын бири деп ойлойм. Мен саясаттан баш тартып, элиме жаратман иш менен жардам берейин деп чуркап жүрөм. Элдин арасында жүрөм. Ушул көпчүлүк элдин оюна мен да кошулат элем. Айкөлдүгүңузгө салып, Садыр Жапаровду абактан бошотуп берүүңүздү суранат элем. Садыр көп нерсеге ойлонуп, түшүнсө керек. Жашоодо ар кандай сыноолор, адашуулар болот экен. Бул балага сыноолор көп болуп кетти окшойт. Атасы баласын жоготуу бул өтө чоң кайгы. Бир кыргыздын уулу каза болду деп мен да кайгыга батып отурам...
Гүлү ачыла элек бала, өмүрүнөн ажырады деп ыза болуп отурам... Сиздин боорукерлигиңизге, айкөлдүгүңүзгө ишенип, кайрылып жатам. Садыр Жапаровду абактан бошотуп бериниз. Абакта бир кыргыз жатпаса экен деген тилегим бар. Биздин Президентибиз деп кайрылдым, кыргыз элинин жараны катары. Ден соолугуңуз чың болсун, сапарыңыз байсалдуу болсун. Чечимиңизге калың эл сүйүнсүн. Айкөлдүңүзгө ишенип, урматым менен Урмат Барыктабасов.
P.S. Садыр - иним, жердешим. Садыр - элдин уулу. Боорукер бололу, бир боорбуз, бир атанын балдарыбыз. Аталарыбыз чогуу суу кечкен. Эр эркинен ажыраса көтөрөт, баладан ажыраган эр көтөрүш кыйынга турат. Кайгысын тең бөлүшүп отурам. Кыргыздын баласы үчүн күйгөндөр болсо, менин кайрылуума кошулуп коюңарды суранат элем.
Булак: "NazarNews.kg"