www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көптөн бери көрүнбөй кеткен белгилүү саясатчы "Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров аймактарда эл менен жолугушууда жүргөнү маалым болду.
Ал Баткен, Исфана эли менен жолугушуу үчүн бармак, бирок бийлик бут тосуп жатканын да кошумчалады. Мадумаровдун айтымында, ар кандай бут тосуудан улам 22-23-август күндөрү белгиленген Баткен жана Исфана шаарларындагы жолугушууларын токтоткон. Мында эч кандай саясат жоктугун, болгону жаңы китептин бет ачаары болоорун айткан.
Мадумаров, бийликтин бул аракетин амалдуу, көнүмүш куу аракетке өтүп алды деп кошумчалаган. «Баткенде жыйын болмок. Булар аябай куу аракетке өтүп алды. Мындай түркөйлүк, арамзалык эгемендүүлүк тарыхында болгон эмес. Ошондуктан эл жабыр тартпасын, ошол жерде бир нерсе уюштуруп, бирөөгө шылтап койбосун дедим. Элдин тынчтыгы үчүн деп кайттым. Бирок, Ноокат, Өзгөн, Аксы райондорунда жакшы деңгээлде өттү. Китептин ачылышы жана жолугушуу да болду», - деди Мадумаров.
Мадумаровдун айтымында, бул жолугушууларда журналист Айданбек Акмат уулунун калемине таандык, «Жалгыз дос» деп аталган китептин бет ачары дагы болду. Ал китепте саясий ишмер Апсамат Масалиев менен Адахан Мадумаровдун мамилеси баяндалат. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкүлчүлүгү «Адахан Мадумаровдун жолугушууларына бийлик эч кандай кийлигишпегенин айтууда, - дейт "Факты.kg" гезити.
Булак: NazarNews.kg