www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Севастополь Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы Орусиянын президенти Владимир Путинге шлемсуз мотоцикл айдаганы үчүн айып салбайт. Аталган башкармалык муну жол кыймылынын эрежелери протоколдук иш-чаралар учурунда таркатылбайт деп түшүндүрдү.

Эске салсак, Максим Чихунов аттуу юрист Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы менен Башкы прокуратурага кайрылып, Путин жана аны менен кошо Севастополдо өткөн байк-шоуга катышкан адамдар жазага тартылуусун талап кылган. Орусиянын мыйзамына ылайык, шлемсуз мотоцикл башкарган адам миң рублга чейин айып пул төлөйт.

2018-жылы май айында да, Путин ачылышы болуп жаткан Крым көпүрөсүнөн коопсуздук курун тагынбастан КаМАЗ айдап өткөн. Анда президенттин кайтаруу кызматы “Путин көпүрө расмий ачыла электе айдап өткөн. Ошондуктан жол эрежеси бузулган эмес” деп билдирген эле.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости