www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Философияда «танууну тануу мыйзамы» деген бар. Орусча «закон отрицания отрицания». Бул мыйзам боюнча мамлекеттеги, коомдогу бардык нерселер мезгил-мезгили менен кайталанып турат. Бүгүнкү бийлик да философиядан алыс кете алган жок. Мына, Алмаз Шаршенович алты жыл президент болгон. Эмнегедир “геометриялык прогрессия” менен кадыр-баркы төмөндөп, таңкалычтуу “нонсенстерге” күбө болдук. Эң башкысы кымбатчылыкты мурунтуктай албай койду. Айласы жок өз бийлигин сактап калуу үчүн жан далбастап, эң башкысы кымбатчылыкты мурунтуктай албай койду.

Раиса Атамбаеванын философиясы

Раиса Атамбаеванын философиясы жубайы  президенттик убагында эле чыга калган жок. Муну убагында Алмаз Шаршеновичтин “предшественниктеринин” баары колдонгон. Раиса Атамбаеванын философиясы башкы максаты: бийликте турган “аткаминерлер” атка минип, элдин көңүлүн алууга тийиш. Азыркы президенттин айланасында өз таасирлерин бийликте сактап калууну көздөп жаткан көп “группировкалар” бар. Атамбаевдик заман учурунда  эң таасирдүү биринчи топту Баткендин сакалдууларын коноктоп коюп өзүн “Раззаков”, баса сюзеренни Атамбаевдин айтуусунда “Султан Ибраимов” сезип калган Икрам Илмиянов баштай турган. Раиса Атамбаеванын философиясынаылайыктуу, булар аксакал-көксакалдарды тамак-ашы менен сыйлап, батасын алгандан башкага жараган жок. Элди ала алышкан жок, ал эми капчыгынан чыккан акчалары менен сыйлагандары бир гана Атамбаев үчүн эмес. Эртең президент кызматынан ооп калса, биздин да электорат бар деп кийинки бийликке “азууларын” көрсөтүп коюш керек эле.

Сапар Исаковдун тобу болгон. Ал жагынууну сырын жакшы билип, бийлик  аркалуу мамлекеттеги №2 бийликти “аргамжылап” турган. Башмыйзам боюнча №2 адам Жогорку Кеңештин төрагасы, аны Өмүрбек Текебаев өзү спикер болом деп, функциясын каалашынча чойгону менен,спикер өкмөт башчысынын алдында “шоона эшпей калган. Өкмөттү алган соң, Сапар Исаков деле жыргатып ийген жок. Ал өкмөттү  “секвестирлөө” - деген кыргыз билбеген сөздү элге таанытып, баары бир мамлекеттик бюджетти дефицит менен кабыл алууга аргасыз кылды. Андан соң “Таза коомго” асылган бойдон Сапар Исаков да катып калган. Абылгазиев түртүп койду эле, жыгылган бойдон турган жок.

Бийликтин “аштоосунда” жем жегендердин арасында “эт менен челдин ортосунда” жүргөндөр деле, “эки тизгин бир чылбырды чоюп" өздөрүнчө топ түзүп алышкан. “Группировкалардын” бир бучкагын чоё баштаган Фарид Ниязовдун “атак-даңкы” Төө-Ашуудан өткөн соң түгөнчү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

Последние новости