www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын расмий бийлиги бардык министрликтердин жетекчилигин "Москва-сити" бизнес борборуна топтоштурууну пландаштырууда. Бул тууралуу "Коммерсантъ" гезити жазып чыкты.
Андагы маалыматтарга таянсак, ИИМ жана коргоо министрлигинен башка 14 министрликтин жетекчилиги жакынкы аралыкта бул бизнес борборго көчүп келери айтылат. Орус өкмөтү муну менен чыгашалардын азайышына ишенет. Буга далилдүү келтирилген салыштыруулары дагы бар. Алсак, учурда Москванын ар кайсы тармагында жайгашкан министрликтердин мекемелери 600 миң чарчы метрди ээлейт. Ал эми аларды "Москва-сити" имаратына топтоштурганда 400 миң чарчы метрге жетпеген аянтка батат. Ошондой эле эң негизгиси, шаардын борбордук көчөлөрүндөгү жол көйгөйлөрү азаймакчы.
Булак: "NazarNews.kg"