www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы Президент Атамбаевдин айланасындагы ар кандай ызы-чууларга Мира Жангарачева кандайча аралашып калганын кызык болууда. Кой-Таштагы болуп жаткан окуялар учурунда интернетке «Асанов менен Жангарачеванын телефон сүйлөшүүсү болушу мүмкүн» деген аудио тараган болчу. Сүйлөшүү 7-августта болгону айтылып, аял киши маектешип жаткан экинчи кишиге:
«Анын шаарга түшүп, талкалап салышын каалап жатасыңарбы?» деген мазмунда кайрылган. Аудиомаектин үзүндүсүндө сөз ким жөнүндө болуп жатканы айтылган эмес. Ал аял Жангарачева болушу мүмкүн экени гана айтылып, ал соц. тармактарда кызуу талкууну жараткан болчу.
Бул тууралуу Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинин директору Мира Жангарачева ички иштер министринин иштен алынган орун басары Курсан Асанов менен телефондон сүйлөшкөнү айтылган аудио боюнча билдирүү кылып, сүйлөшүүдөгү адам ал эмес экенин, Курсан Асановду жакындан жакшы тааныбасын да кошумчалап, маалыматта тараткан "фейк" экенин билдирген, деп "Факты.kg" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg