www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--Саламатсызбы Урмат мырза митингге бардыңызбы?
--Бүгүн “Ата Мекен” партиясы бүгүн дагы бир жолу аброюн жоготту. Анткени бул митинг элдин кызыкчылыгына эмес, Текебаевдин гана кызыкчылыгы болуп калды. Анткени митингге барган депутаттар, Жанар Акаев, Каныбек Иманалиев, Асия Сасыкбаева, Алмамбет Шыкмаматовдор элдин эмес Текебаевдин гана кызыкчылыгын колдошту. Анткени булар “Текебаевдин алдында күнөөсүз адамдар жатат” дегенге жараган жок. Болгону, “Текебаев, Текебаев” деп эле кыйкыра беришти. Аларга эмне Текебаев гана адам калган ак жеринен соттолгондор жыргап жатышабы түрмөдө.
--Митинг Текебаевге боштондук катары талабы менен өтүп жатпайбы?
--Кимисине арналса дагы бүгүнкү митинг өз максатына жетпей, жипке чалынган букадай эле болуп калды. Текебаевдин депуттар кызыкчылыгын көздөбөй эле койсун. Анткени Текебаев өзү Баш мыйзамды жазган адам, юрист. Андан сырткары анын мыкты юристтери бар, өздөрү ак экенин далилдеш керек эле. Минтип элди митинггке алып чыккан уят.
--Кандайча?
--Бүгүн, митингге чыкканда ошол тили узун депутаттар “ой Текебаевдин алдында мынча адам күнөөсүз түрмөдө жатат” деп, сандык көрсөткүч менен сотторду күнөөлөсө болмок. Бүгүнкү күндө партиянын дагы аброю көтөрүлмөк. Тилекке каршы Текебаев деп кыйкырып туруп алды. Текебаев деген чоң саясый фигура эмес да.
--Анда эмне кылыш керек болчу...
--Эгерде булар, кыйын болсо Текебаевди камаган Атамбаев менен барып жекеме-жеке “эркекче” сүйлөшүп алсын. Менин таң калганым бүгүн “Текебаев коррупцияга каршы” деп атышат. Текебаев Атамбаев президент болуп турганда жалдырап унчукпай, сыпаа мамиле кылып олтурат. Алмазбек Атамбаев мыкты саясатчыларды буйрук берип каматып олтурганда “Ата-Мекен” партиясы эшек такалады беле. Атамбаевдин убагындагы коррупциялык иштердин бетин ачып сүйлөсө жакшы болмок. Бүгүнкү митингге чыккан аткаминерлер акыйкатты Жээнбековдун айланасынан издебей Кой-Ташка барып Атамбаевдин үйүнөн тапсын.
Белгилей кетсек, бүгүн 23-апрелде камакта жаткан Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевди боштондукка чыгаруу талабы менен митинг болуп өттү. Ага Жогорку Кеңештин айрым депутаттары менен мурдагы аткаминерлер Темир Сариев, Каныбек Осмоналиев, Аида Салянова, Болот Шер катышты.
Булак: NazarNews.kg