www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жамаатына жаңы жетекчини – өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Урматбек Шамыркановду тааныштырды.
Министрлер Кабинетинин башчысы Урматбек Шамыркановдун бул кызматка дайындалышы анын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмүндөгү бай тажрыйбасы менен байланыштуу экенин баса белгиледи. Ал заманбап чакырыктардын жана коркунучтардын шартында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин иши өзгөчө актуалдуу болуп, жогорку кесиптик даярдыкты жана ыкчамдуулукту талап кыларын белгиледи.
«Сиздин тажрыйбаңыз жана билимиңиз менен министрликтин ишин натыйжалуу уюштуруп, башка мамлекеттик органдар жана кызматтар менен өз ара аракеттенүүнү жолго коё аласыз, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдиктерин азайтуу боюнча алдын алуу чараларын күчөтөсүз деп ишенем», — деди Адылбек Касымалиев.
Сөзүнүн аягында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Урматбек Шамыркановго жооптуу кызматта ийгиликтерди каалап, бардык коюлган милдеттерди ишке ашырууда колдоо көрсөтөрүн билдирди.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындоо үчүн макулдашууга киргизилди.