www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, белгисиз адамдар өздөрүн Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырып, мессенжерлер аркылуу жарандарга алардын атына акча которулгандыгы, бирок ал акча каражаттарды алуу үчүн комиссиялык төлөм төлөө зарылдыгы жөнүндө билдирүүлөрдү жөнөтүп жатышат.

Ушуга байланыштуу Улуттук банк жарандарга бул алдамчылык схемасы экендигин эскертет.

«Мындай билдирүүлөргө жана чалууларга ишенбеңиздер жана бейтааныш адамдарга акча которбоңуздар. Эгерде күмөн санасаңыз, расмий булактардагы маалыматты кайрадан текшериңиз», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Улуттук банк жарандарга телефон чалбайт, кызматкерлердин күбөлүгүн жана башка расмий документтерди мессенжерлер аркылуу жарандарга жөнөтпөйт, акча которууну суранбайт, ошондой эле жеке адамдарды тейлебейт, эсеп ачпайт жана калкка насыя бербейт.

Эгерде сиз алдамчылардын курмандыгы болуп калганыңызды түшүнсөңүз, банк картасын дароо бөгөттөп, тез арада укук коргоо органдарына кайрылыңыз!

 

Последние новости