www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үшүк алганда биринчи иретте эмне кылбаш керек?

Үшүк алган кишиге биринчи жардамды эшикте же муздак жерде көрсөткөнгө болбойт. Бул туурасында "Известия" Саратов шаарындагы Тез жардамдын дарыгери Елена Митюковага таянып жазды.

Дарыгер тоңуп калган жерлерди сүрткүлөп жана жабырланган кишиге ичимдик бербеш керектигин эскертти. Үшүк алганда адистер аны төрт деңгээлге бөлүп карашат.

"Биринчисинде кол, бут кызарып жана шишип кетет. Экинчисинде териде ыйлаакчалар пайда болот. Үчүнчү стадияда клеткалар өлүп, карттана баштайт. Төртүнчүсүндө дененин же кол-буттун үшүк алган жери жараксыз болуп калат", — деген дарыгер.

Эгерде адам тоңуп калса, жылуу жайга алып кирип, үшүк алган жерин кургак кылып таңып коюш керек да, ысык чай же суу берген жакшы. Албетте, анан дарыгерди чакыруу зарыл.

Адис жабыркаган ткандарга кандан кычкылтек жетпегендиктен дененин үшүгөн жерин дароо жылытууга же ысык нерсе басууга болбой турганын эскертти.

Буга чейин адистер жылуу жерден чыккан адам бир аз суукка урунса эле ооруп каларын эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости