www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга NazarNews маалымат агенттиги буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздерге кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканын эрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Бүгүнкү биздин каарманыбыз шоу бизнестин ажарлуу ырчы айымы Айгерим Расул кызынын аткаруусундагы “Ата” ыры тууралуу болмокчу. Репертуарындагы дээрлик көпчүлүгү атасынын ыры болсо, ырчы айым алгачкы ирет башка улуттун ырын аткарып чыкты. Бул ыр ырчы айымдын көңүлүнөн түнөк тапкан окшойт клип да тарта салды. Клиптин сюжети толугу менен атасына арналган. Айгеримдин башка ырчылардан айырмаланганы башка улуттан ыр уурдап алса да, автордон алдын ала уруксаат алганын жеке баракчасына жарыялап жүрдү.

Автор ким экени сиздерге кызык болуп калдыбы? Анда айта кетейин... Ырдын түпкү нускасы өзбек элине таандык. Мындан алты жыл мурун жарыкка чыккан ырды автор биринчилерден болуп аткарып чыккан. Ырдын сөзү, обону жана аткаруучусу таланттуу ырчы мырза Улугбек Рахматуллаев. Ырчы мырзанын “Ота” ырынын клиби интернет желесинде 3 млн көрүүчү топтогон. Милизма менен ырдын майын чыгара аткарып чыккан автордун аткаруусунда ыр мыкты болгонбу же биздин ырчы айымдын аткаруусу мыктыбы аны сиз окурман чечесиз.

Төмөндө ырдын эки варианты тең бар. Ырларды угуп, өз бааңыздарды бериңиздер окурмандар! 

Кыргызча:

Өзбектердики:

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес

Булак: NazarNews.kg

Последние новости