www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде 784 чөнтөк уурулук жасалып, 220 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, чөнтөк уурулук кылгандардын 80 пайызы Бишкек шаарында катталган.
Министрлик уурулуктун бул түрү эл көп болгон жерде: базар жана соода борборлордо, автобуста жана аялдамада жасала турганын эске салды.
Мындан улам ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы уурулардан сак болуу үчүн кеңештерди сунуштаган:
жол киреге акчаны алдын ала даярдаңыз, уурунун көңүлүн буруп унаадан же аялдамадан капчыгыңызды алып чыкпаңыз;
жаныңызда чоң суммадагы акча болсо сыдырма менен бекиген чөнтөккө салыңыз. Мындайда жол киреге деген каражатты өзүнчө бөлүп койсоңуз болот. Көп акча алып жүргөндө таксиге түшкөн да оң;
капчык кийимдин сыртынан байкалып же чыгып турса дагы ууруларды өзүнө тартат;
транспортко түшкөндө сумканы жакшылап бекитип, ийинге артып таштап койбой, алды жакка жылдырып кармаңыз;
капчык менен уюлдук телефонду арткы чөнтөккө салбаңыз.
ИИМ буюм-тайымын уурдаткандар 102 номери аркылуу милицияга дароо кайрылышы керектигин эске салды.
Булак: NazarNews.kg