www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 12-мартта ЖКнын жалпы жыйынында депутат Султанбай Айжигитов парламенттин борбордук трибунасынан “Ыйман Нуру” фракциясынан чыгарылышы тууралуу 10 мүнөт сөз сүйлөөгө уруксат сурады. Ага 20 эл өкүлү “макул”, 14 депутат “каршы” добуш берип жыйынтыгында ага убакыт берилген жок.
“Эми мага сөз да бербейсиңерби? Мыйзам деген барбы? Бул парламентпи же нотариалдык органбы? Уялбайсыңарбы. Мен фракциядан чыгып кеткеним жөнүндө билдирүү кылып коёюн деп атам. Андан башка эч нерсени айтпайм. Чек араны да, башкасын да айтпайм. Эми сөз сүйлөгөнгө да уруксат бербейсиңерби?”, — деди Султанбай Айжигитов.
Парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу сунушту экинчи ирет колго салган жок.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин өткөн жумадагы жыйынында депутат Султанбай Айжигитов трибунада сөз сүйлөп, кыргыз-тажик чек арасы боюнча позициясын билдирген. Ал 7 күндөн бери эч нерсе деп унчукпай келгенин, документтерди карап чыкканын айткан. «Биздин эгемендүүлүгүбүз боюнча сөз болуп жатат. Лейлек, Сүлүктү анклав болуп калган абалга келип калышыбыз мүмкүн» деген ал.
Ошол эле күнү “Ыйман Нуру” фракциясы Султанбай Айжигитовду фракциядан чыгарган.
Депутаттын айткандары боюнча өлкө башчы Садыр Жапаров да үн катып, «Демагогия, жалаң демагогия. Бул киши үч күндө пикирин алмаштырып башкача сүйлөп чыкканы түшүнүксүз. Эмнеге минтти изилдеп көрүшүбүз керек. Бул киши баарын билет, түшүнөт, беш колундай билет. Бирок эмнегедир башка дагы көп маселелерде билмексен болуп эле провокация жасай бергенин байкап жүрөм», — деген.