www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн масштабдуу ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 15 адамдан турган туруктуу уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) ишмердүүлүгү токтотулду. Аталган жактар мурда бир нече жолу соттолушкан жана УКТнын активдүү мүчөлөрү катары ыкчам каттоодо турушкан.
Кармалгандардын Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө ири өлчөмдөгү бир катар уурулуктарды жана каракчылык кол салууларды жасоого тиешеси бар экендиги аныкталды.
Атап айтканда, алар административдик имараттарды, соода объектилерин жана кеңсе жайларын тоноо менен алектенишкен. Кылмыш жасоо учурунда топтун мүчөлөрү өздөрүнүн ким экендигин жашыруу жана күбөлөрдү адаштыруу максатында конспирация чараларын, анын ичинде аялдын жүзү түшүрүлгөн реалдуу силикон маскаларды жана париктерди колдонушкан.
Келтирилген жалпы материалдык зыяндын суммасы 25 000 000 сомду түздү.
Атайын операциянын жүрүшүндө төмөнкүлөр кармалды:
• М. Б. А., 1980-жылы туулган, мурда киши өлтүрүү, каракчылык, уурулук жана куралды мыйзамсыз сактоо үчүн 5 жолу соттолгон;
• Т. уулу Т., 1991-жылы туулган, мурда киши өлтүрүү, уурулук жана тоноо үчүн 3 жолу соттолгон;
• К. С. Д., 1988-жылы туулган, мурда каракчылык, уурулук жана тоноо фактылары боюнча 14 жолу соттолгон;
• Ж. Д. Т., 1994-жылы туулган, мурда каракчылык жана уурулук үчүн 5 жолу соттолгон;
• Ч. З. С., 1988-жылы туулган, мурда каракчылык жана уурулук үчүн 5 жолу соттолгон;
• Т. уулу У., 1991-жылы туулган, мурда уурулук үчүн соттолгон;
• О. М. Д., 1988-жылы туулган, мурда каракчылык, уурулук, ден соолукка оор залал келтирүү жана опузалоо боюнча 6 жолу соттолгон;
• М. уулу Э., 1991-жылы туулган, мурда уурулук үчүн 3 жолу соттолгон;
• Э. А. Р., 1988-жылы туулган, мурда уурулук үчүн соттолгон.
Тинтүү учурунда төмөнкү буюмдар табылып, алынды:
• Сейфтерди жана эшиктерди ачууга, ошондой эле ар кандай татаалдыктагы ачкычтарды тандоого арналган профессионалдык жабдыктар;
• Радиостанциялар;
• Объекттерге көз салуу үчүн GPS-трекерлер;
• Күзөт тутумдарынын жана сигнализациялардын сигналдарын өчүргүчтөр (глушилкалар).
Мындан тышкары: АКСУ автоматы жана анын 30 огу бар магазини, Макаров тапанчасы (ПМ), 9 мм калибрдеги 20 күжүрмөн ок, травматикалык Макаров тапанчасы, Ф-1 кол гранатасы, муздак куралдар (бычактар), ошондой эле жалпы салмагы 45 граммды түзгөн "гашиш" (каннабис чайыры) баңгизаты алынды.
Кармалгандардын баарына КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүмү (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) менен айыбы угузулуп, Бишкек шаарындагы №1 ТИЗОго камалышты.
Ошондой эле, бул топтун кылмыштуу иш-аракеттерине КР Жаза аткаруу кызматынын Жаза Аткаруу Кызматы мекемелеринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жана мурда оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон адамдардын тиешеси бар экендиги такталды.
Кармалгандар төмөнкү соттолгондор менен байланышта болушкан: К. Н. Д. (8 жолу соттолгон), Э. Ж. О. (9 жолу соттолгон), Б. А. Т. (13 жолу соттолгон), Т. С. А. (3 жолу соттолгон), Ж. С. А. (4 жолу соттолгон), Ш. Т. С. (8 жолу соттолгон).
Алдын ала маалыматтар боюнча, өз ара аракеттенүү схемасы төмөнкүдөй болгон: эркиндикте жүргөн адамдар кылмыштарды жасашкан, ал эми абактарда отургандар ыңгайлуу убакыттарды тандап, жасалган кылмыштарды өздөрүнө алышкан.
Учурда кылмыштуу топтун аракеттери толугу менен токтотулду.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.
ИИМдин Басма сөз кызматы