www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Концерттерди, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө, тоонун боорунда партиялардын атын жазууга тыюу салынат. Бул тууралуу радионун эфиринде Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Анын айтымында, стадиондордо шайлоочулар менен жолугушуу өткөрсө болот.

«Адам таланттуу болсо да жыйындарда ырдай албайт. Ал өзүнүн программасы тууралуу гана айтышы керек», - деди Жылкыбаев.

Мындан сырткары, 18 жашка чейинки балдар менен сүрөттөрдү колдонууга болбойт.

18 жашка чыга элек адамдар үгүт иштерине катыша албайт. Кварталдык комитеттердин башчылары да үгүт иштерине тартылбашы керек, деди ал.

«Эгерде талапкерледин жакындары дүкөндөрүндө кандайдыр бир акцияларды, же ушуга окшогон аракеттерди жасаса, анда бул мыйзам бузуу болуп саналат. Талапкерлердин жакындары үгүт иштерине катышпашы керек. «Билбей калыптырмын», деген иштебейт», - деди Жылкыбаев.

Последние новости