www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия президенти Владимир Путин менен Беларусь лидери Александр Лукашенко телефон аркылуу сүйлөштү. "Вагнер" тобунун жетекчиси Евгений Пригожин менен жакшы тааныш болгондуктан Беларусь президенти Минскиде ортомчулук кылууну демилгелеген. Бул тууралуу РИА Новости Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун билдирүүсүнө таянып жазды.
"Эки өлкөнүн башчылары Лукашенко абалды жөнгө салууда ортомчулук кыларын макулдашты. Сиздер "эмне үчүн Лукашенко?" деп сурашыңыздар мүмкүн. Себеби Александр Григорьевич Пригожин менен 20 жылга жакын убакыттан бери жакшы тааныш, бул Лукашенконун демилгеси", — деген Песков журналисттерге.
Ошондой эле ал ишемби "трагедиялык окуялар жетиштүү болгон" оор күн деп атады.
Белгилей кетсек, 24-июнда Федаралдык коопсуздук кызматынын коомчулук менен байланыш борбору билдиргендей, социалдык тармактарда "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын ээси Евгений Пригожин Россиянын Коргоо министрлиги "Вагнердин" арткы лагерлерине бомба жана ракеталык чабуулдар жасаганын айтып чыккан.
Россиянын Коргоо министрлиги Пригожиндин тараткан бул маалыматтары чындыкка дал келбейт турганын жана маалыматтык провокация экенин билдирген.
Булак: NazarNews.kg