www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вакцина алгандардын арасында каза болгондор барбы?

Вакцина алган 1,9 миллион кыргызстандыктын арасында коронавирустан көз жумгандар жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Министрлик өлкөдө COVID-19 жуктургандардын саны азая баштаганын кабарлап, кош бойлууларга, бала эмизгендерге жана өспүрүмдөргө эмдөөдөн өтүүгө уруксат берилгенин эскертти.

"Вакцина алган 1,9 миллион кыргызстандыктын арасында коронавирустан каза болгондор жок. Ошондой эле препарат терс таасирин тийгизген учурлар катталган эмес. Эмделгендердин бир пайызга жетпегени препараттын кыйыр таасирин сезгенин билдирген (баш оору, температура)", — деп айтылат маалыматта.

Жыйында 28-ноябрь, шайлоо күнү өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал туруктуу болорун болжошту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости