www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КМШ ПАА Кеңешинин Төрайымы, РФнын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрагасы Валентина Матвиенко Жогорку Кеңештин депутатын, Парламенттер аралык ассамблеянын (ПАА) Кеңешинин көзөмөлдөө-бюджет комиссиясынын жетекчиси, КМШнын мүчөсү Искендер Матраимов «Парламенттик кызматташтыкты чыңдаганы үчүн» медалы менен сыйланды. Анын айтымында, Искендер Матраимов парламенттер аралык уюмдун өнүгүшүнө чоң салым кошкон.

Медаль парламентаризмди өнүктүрүүгө жана чыңдоого, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин ишинин укуктук негиздерин өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө, эл аралык мамилелерди жана парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн ыйгарылат. Медаль КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жана анын органдарынын ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыйгарылат. 

Эске салсак, 2021-жылдын июль айында Жогорку Кеңештин комитетинин төрагасынын орун басары Молдова Республикасынын парламентине шайлоодо КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын эл аралык байкоочулар тобунун координатору болгон. Парламенттер аралык ассамблеянын байкоочулары шайлоого узак мөөнөттүү мониторинг жүргүзүштү. Добуш берүү күнү КМШ ПААнын атынан 100дөн ашык байкоочулар республиканын өзүндө да, башка мамлекеттердеги чет өлкөлүк шайлоо участкаларында да иштешет. ПАА тобу шайлоого КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңешинин башкы катчысы Дмитрий Кобицкий башында турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин байкоочулар миссиясынын курамында байкоо жүргүзөт. Анын талапкерлиги Шериктештикке мүчө мамлекеттердин Шериктештиктин уставдык жана башка органдарындагы туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кеңешинин жыйынында макулдашылды.

Молдовада парламенттик шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна белгиленген. Аларга 20 саясий партия, эки блок жана бир көз карандысыз талапкер катышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости