www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ван И: Кытай Украинадагы тынчтыкты колдойт

Кытай Украинадагы тынчтыкка жетишүүгө багытталган бардык аракеттерди кубаттайт жана колдойт. Бул тууралуу жума күнү Кытайдын тышкы иштер министри Ван И жылдык басма сөз жыйынында билдирди.

"Кытай тынчтыкты камсыздоого көмөктөшө турган бардык аракеттерди кубаттайт жана колдойт", – деди Ван И, Украинадагы кырдаалга токтолуп.

Тышкы иштер министринин жылдык басма сөз жыйыны Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын (ЭӨБКЖ) 14-чакырылышынын үчүнчү сессиясынын алкагында өтүүдө. Бул Кытайдагы эң жогорку мыйзам чыгаруучу орган болуп эсептелет. Жыйын Бээжинде 6-мартта башталып, 11-мартка чейин уланат.

Последние новости