www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ жана Британия ишембиде Ооганстанда жүргөн жарандарын коопсуздук максатында коммерциялык учактар менен өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды.

АКШнын Кабулдагы элчилигинин билдирүүсүндө "кырдаалдын кооптуулугуна жана кызматкерлердин саны азайганына байланыштуу, элчиликтин жарандарыбызга жардам берүү мүмкүнчүлүгү чектелүү" деп жазылган.

Ооганстандын бир катар шаарларында согуш уланып жатат. 6-августта талибдер Нимруз провинциясынын борбору Заранж шаарын басып алышты. "Талибан" муну менен АКШ баштаган эл аралык күчтөр өлкөдөн чыгып кеткенден кийин биринчи жолу административдик борборду ээледи.

АКШнын Катардагы аба базасынан Ооганстанды көздөй B-52 Stratofortress бомбалоочу учактары учуп кеткени кабарланды. Саны тууралуу маалымат айтылган жок. "Таймс" басылмасы учактар Кандагар, Герат, Лашгар жана Гильменд провинцияларына чабуул коюшарын жазды.

Басылмада белгиленгендей, Пентагон аба соккуларын талибдердин чабуулун майтаруу үчүн гана эмес, ооган өкмөтүнүн коопсуздук күчтөрүнө жардам көрсөтүү үчүн жандандырууда.

АКШ президенти Ооганстандан америкалык аскерлер быйыл 31-августка чейин толук чыгарыларын жарыялаган. Ошондон кийин "Талибанй кыймылы өлкөнүн бир нече аймагын басып алууга жетишти. Мындан улам ооган аскерлери жана жайкын тургундар чектеш өлкөлөргө өтө качып жатышат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости