www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вашингтон Украинаны колдоосун уланта берет

"Америка Кошмо Штаттары Орусиянын баскынчылыгына каршы күрөштө Украинага аскердик жардам берүүсүн канча убакыт талап кылынса ошончо убакыт уланта берет", деп билдирди АКШнын Украинадагы элчиси Бриджет Бринк.

Ал "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун украин кызматына курган интервьюсунда Кошмо Штаттары "Украинанын коопсуздук жаатындагы ири жардам берүүчү экенине "чынында эле сыймыктана турганын" айтты. Ал жардам "алыс аралыкка атуучу артиллерия, абадан жана деңизден коргонуу каражаттары, ок-дары жана башка көптөгөн нерселерди камтыйт."

Анын айтымында, АКШ жардамды мүмкүн болушунча тез арада берүүнү колго алып, ал эки аптада бирден ирээт жүргүзүлүүдө. Элчи "Украинага аскердик жардам канча убакыт талап кылынса ошончого чейин берилет" деп кошумчалады. Бринк интервьюну АКШ Украинага 22-июлда кошумча 270 миллион долларлык аскердик жардамын жөнөтүүнү жарыялагандан кийин берди. Ал көмөккө орто аралыкка учуучу ракета тутумдары жана тактикалык дрондор камтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости