www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 14-апрелинде Вашингтон шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров жана АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы Пол Капурдун тең төрагалыгы алдында саясий консультациялар өткөрүлдү.
Консультациялардын алкагында тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири маселелерин, анын ичинде саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн визалык талаптарды жеңилдетүүнү талкуулашты. Ошондой эле эки тараптуу максаттарга жетүү үчүн келечектүү багыттар аныкталды.
Тараптар аймактык кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгилеп, Вашингтондогу C5+1 саммитинин, ошондой эле Бишкектеги B5+1 бизнес форумунун жыйынтыктарын жогору баалашты. Форум ишкер байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзүп, Кыргызстанга көптөгөн америкалык компанияларды тарткан.
Мындан сырткары тараптар көп тараптуу кызматташуу маселелерине, айрыкча C5+1 форматынын, БУУ жана ЕККУнун алкагында токтолушту.
Консультациялардын жыйынтыгында тараптар өз ара урматтоо, ишеним жана өз ара пайдалуу шарттарга негизделген эки тараптуу кызматташууну мындан ары чыңдоого берилгендигин ырасташып, жыл сайын өткөрүлүүчү консультациялардын кийинки раундун Бишкек шаарында өткөрүүнү макулдашышты.