www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биринчи май райондук сотунда судья Марат Сыдыковдун төрагалыгы астында активист Мелис Аспековдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланууда. Аспеков «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар опузалоого шектелүүдө.
Сотто жабырлануучулардын бири - «Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашков сурак берип баштады.
Анын айтымында, 2020-жылы октябрда ага Улан Жураев келип, шайлоого каржылык жактан жардам бериш керек экенин билдирген.
«Ал акча сурады, мен макул болгон жокмун. 200 миң доллар керек экенин айтты. Акчаны Чүйдүн штабы үчүн сурап, Аспеков менен тааныштырды. Андан кийин алар ишкананы күч менен басып алууга аракет кылышты, бирок аларды өз убагында токтотуп калышты. Жураев кайрадан жардам бериш керек экенин айтып, элди митингге чыгара баштады.
Уулум Жураевге акча берүү үчүн анын досторуна кайрылууну сунуштады. Акчаны Насиров жана Мирзомудинов деген балдар беришкен. Жураев 200 миң долларды алгандан кийин аз экенин айтып, дагы 50 миң доллар сурады. Жураев мени коркутуп, митингдерди уюштурду. Бардык акчаны берип бүткөндөн кийин, мен укук коргоо органдарына кайрылдым», - деди Дашков.
Ал прокурордун суроосуна жооп берип жатып, Жураев акчаны Аспековго берүү үчүн алганын, себеби Аспеков Чүйдүн штабын жетектеп турганын билдирди.
Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө Дашков аны Жураев бир нече жолу коркутканын белгиледи.
«Жураев менен Аспеков өздөрү менен чогуу 4 адамды алып келип, «Кыргыз темир жолундагы» ар кайсы кызматтарга дайындай башташты. Мен аларга бул стратегиялык объект экенин, дайындоолорду премьер-министр чечерин түшүндүрдүм. Бул акча берердин алдында болгон», - деди Дашков.
Дашковго айыпталуучу Аспеков суроо берди.
«Сиз акча бердим деп жатасыз. Эмне үчүн экинчи жолу жолугушканда ал акча мага жетип-жетпегенин сураган жоксуз?», - деди Аспеков.
«Сиз чоң фигурасыз да. Президентке чаласыз. Кантип сизге кайрылам. Мага Жураев акча сизге экенин айтты. Акчаны бердим, анткени силер мени жана менин үй-бүлөмдү коркуткансыңар», - деди Дашков.
Аспеков Дашковдон учурда кайсы иш боюнча үй камагына алынганын сурады. Бирок судья бул суроону ишке тиешеси жок деп четке какты.
Аспековдун жактоочу Сергей Манукян Дашковдон митингдер тууралуу сурады.
«Жумушчунун көрсөтмөсүнөн тышкары митингдерди Аспеков уюштургандыгы жөнүндө далилдериңиз барбы?», - деди жактоочу.
Дашков митингдер тууралуу жумушчусунан жана Жураевден укканын айтты.
Булак: NazarNews.kg