www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Биринчи май райондук соту 21-февралда «Вазелин» каймана аттуу УКМКнын мурдагы кызматкерин камакка алды. Бул тууралуу маалыматты райондук соттун басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, У.У.К. аттуу жаран Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча шектелүүдө. Ал 15-апрелге чейин Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайында калтырылды.
Буга чейин социалдык тармакта УКМКнын Бишкек боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдун «40 чоро» деп аталган жолдошторунун сүрөттөрү, атка минерлер, ишкерлер, милиция кызматкерлери жана башка адамдардын видеосу тараган. Тизмеде «Вазелин» дагы болгон. Маалыматтарга караганда, ал УКМКга чейин милицияда иштеген.