www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чубактын чуусундай уланган «Вечерний Бишкектин» иши бүгүн аз жерден кайра башынан башталып кете жаздады. 2015-жылы бул басма үйдү рейдерлик менен басып алган Александр Рябушкин Жогорку сотко дагы бир жолу кайрылып, 2018-жылдын 5-октябрында чыккан Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгарууну сураган.
Ал чечим менен – рейдерликти баштаган ошол эле Биринчи май сотунун 2014-жылдагы чечими жокко чыгарылган, анткени 2014-жылы сот Эмиль Аксамаев – Рябушкинге акциялардын 50 пайызын кайтарып бериш керек деп чечкен. Бирок Рябушкин ал акцияларды 2000-жылдын апрелинде өзү «Петровски корпорейшн» деген компанияга сатып жиберген жана 3 жылдан кийин иш кайра каралбаш керек эле.
Ошондо дагы, ал компания мага толук акча төлөбөй, 5 миң эле сом берген деп Рябушкин айтып жатса, акциялардын 50 пайызын «Петровски корпорейшн» эмес, калган 50 пайызга ээлик кылган Александр Ким кайтарууга тийиш болуп чыккан. Ак үйдө отурган чоңдорсуз Рябушкин мындай алдамчылыкты соттор аркылуу ишке ашыра албайт эле. Аны ал кезде элдин баары түшүнгөн, анткен менен эч нерсе кыла алган эмес.
Бирок 2018-жылдан бери убакыт өтүп кетти, ошол себептен, чечимди жокко чыгарып бергиле деген менен кошо Рябушкин – тосмо арыз жазууга мөөнөтүм өтүп кеткенине карабай, арызданууга уруксат бергиле, анткени мен абакта отургам деп да кайрылган. Бирок Кимдин адвокаттары бүгүн – акыркы 2 жыл ичинде Рябушкин түрмөдө отуруп дагы, эркиндикте жүрүп дагы бир нече арыз жазганын далилдешти. Алардын баары кабыл алынган эмес.
Ишти бүгүн – Дильбар Кульматова, Абылай Мухамеджанов жана Лепес Темирбековдон турган коллегия карады жана Рябушкиндин арызы дагы бир жолу кабыл алынган жок. 2018-жылдын 5-октябрында чыккан сот чечими ошол жылдын декабрында Бишкек шаардык соту жана 2019-жылдын апрелинде Жогорку сот тарабынан бекиген, бирок, ага карабай, Рябушкин улам жаңы тосмо арыз жазууда.
«Рябушкиндер сотко улам жаңы арыз жазып, баардыгыбызды жүдөтүп бүттү, аны менен алар убакытты создуктуруп жатат. Коёндой окшош жаңы чечимдер чыгат, алар коёндой окшош жаңы арыз жазат», – «Адилет» укуктук клиникасынын юристи Эмил Жандаев.
Рябушкиндин өзүнө каршы дагы 2018-жылдын ноябрында кылмыш иши ачылып, ал жарым жылдай убактылуу кармоочу абакта отурган, бирок кийин үй камагына бошогон. Ошондон бери ал улам жаңы арыз жазат, анын арыздарын райондук сот кабыл алат дагы Жогорку сотко жөнөтөт, Жогорку сот аны карабай, четке кагат, бирок ар бир ошондой арызга кеминде 3-4 ай короп кетет. Жана муну эч ким токтоткусу келбейт.
2017-жылы бийлик алмашкандан кийин бул иштеги адилеттик акырындап орной баштаганына карабай, «Вечерний Бишкек» менен анын ээси Александр Кимге каршы бир топ иш инерция менен уланып келди. Мисалга, 2018-жылдын февралында Свердлов райондук сотунун судьясы Санжар Чотонов Кимди 6 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратууга кескен. Бул акылга сыйбаган чечимди Жогорку сот 6 айдан кийин жокко чыгарган.
Бардык сот чечимдери жокко чыгарылып бүткөнүнө карабай, Укук министрлиги менен Чүй-Бишкек укук башкармалыгы басма үйдү кайрадан Александр Кимге каттоо иштерин бүтүрбөй жатат, шылтоо катары Рябушкиндин тосмо арыздары каралып бүтө элек деген жүйө келтирилет.
Бирок 2015-жылы «Вечёрканы» Рябушкаинге катташ керек болгондо, иштер – ал өз арызын министрликке жеткире электе эле бүткөн.
Кыргызстандын укук талаасында жаман иштер ылдам бүтөт, адилеттик орнотуу болсо айларга жана жалдырга созулат. Бир чака ак боёкко бир тамчы эле кара боёк кошсо, ал ак болбой калат, бирок кара боёкко бир тамчы ак боёк кошсоң, кара нерсе аны сезип да койбойт. Соттор жана министрлик ката кетиргенин мойнуна алгысы келбей жатат деп ойлосо болот, бирок андан да күчтүү нерсе – кадимки эле акча сыяктуу. Азыркы заманда актык менен тазалыкты кара акча жеңип калбадыбы. Кеп ошондо.
Нарын Айып
Булак: NazarNews.kg