www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Вице-спикер Мирлан Бакиров бүгүн парламенттин жалпы жыйынында билдирүү жасап кызматын тапшырып бергенин жар салды.
Ал бул кызматта үч жыл отуруп иш үстүндө кемчилик кетирип, кимдир бирөөгө катуу айткан болсо кечирим сурады.
"Мен өз ыктыярым менен төраганын орун басары кызматын өткөрүп берүүнү чечтим. Болгон тажрыйба, билимимди жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн колдонуп иштей берүүгө аракет кылам", — деди Бакиров.
Бирок ал кызматтан кетүү себебин түшүндүргөн жок.
Андан соң биринчи вице-спикер Аида Касымалиева парламенттин аз эле убактысы калганын айтып, "мөөнөтү бүткөнгө чейин иштесеңиз болмок" деп кайрылды. Аны менен катар дасыккан саясатчы, регламентти жакшы билген депутат катары иштерине ийгилик каалады.
Вице-спикерликке "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Уланбек Исмаилов көрсөтүлүүдө. Ал үстүбүздөгү жылдын 29-августунда мандат алып, Жогорку Кеңештин депутаты болуп келген.
Эске салсак, Бакиров дал ушул "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын мүчөсү, 2017-жылдын 13-декабрында вице-спикер болуп шайланган.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg